5 депутат жана министр коронавирус жуктурду

0
94

Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавирус жуктурду. Бул тууралуу «France Press» басылмасы жазды.Маалыматтарга караганда, 46 жаштагы министр мурунку жумада Франциядагы улуттук жыйынга катышканда жуктуруп алган деп божомолдонууда. Коронавирус дагы 5 депутаттан аныкталган. Ал эми министр учурда Париж шаарындагы үйүндө.Францияда коронавирусту жуктургандардын саны 1412 адамга жетип, 25 адам көз жумганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы дирекциясынын башчысы Жером Саломон билдирди.

Булак: barakelde.org