2019-жылы Кыргызстанда 173,5 миң наристе жарык дүйнөгө келген

0
77

2019-жылы Кыргызстанда 173,5 миң наристе жарык дүйнөгө келген (Жарандык абалды каттоо органдарында катталган боюнча). Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен 48,8%ы кыздар болсо, 51,2%ы эркек бала болгон. Былтыр 2018-жылга караганда өлкөдө 2 миң 351ге көп бала төрөлгөн.
«2019-жылы Ош облусунда 48 миң 952, Жалал-Абадда 32 миң 272 бала төрөлгөн. Бишкекте 29 миң 630 бала жарык дүйнөгө келген», — деп билдиришти Каттоо кызматынан.
Таласта 6 миң 9 наристе, Нарында 6 миң 39 перзент төрөлгөн.
Чет жерде төрөлгөн кыргызстандык наристелердин саны Түркия жана Кореяда көп болгон: 54 жана 52. АКШ, Канада, Швейцария, Сауд Арабиясында 30дан ашык бала жарык дүйнөгө келген.

Булак: kabar.kg