Азиз Батукаевдин иши боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берет

0
97

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулуусуна байланыштуу соттук иш уланат
Айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 3-марттагы жараянда иш боюнча күбө катары өтүп жаткан дарыгерлер көрсөтмө берүүсү улантат.
Батукаевдин ишине байланыштуу сот жараяны январдан бери күбөлөрдү угуу менен уланууда.
Сот отуруму айыпталуучулардын бири — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган.

Булак: azattyk.org