Кадамжайда дүкөндөн акча уурдап, терминалды талкалоого шектелген жигит кармалды

0
167

Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы дүкөндөн уурулук кылууга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, милицияга 1975-жылы туулган К.Б. кайрылган. Ал 2019-жылдын 19-ноябрынан 20-ноябрына караган түнү дүкөнүнүн эшигин белгисиз адамдар сындырып кирип, 50 миң сом акчасын уурдап, терминалды сындырып кетишкендигин билдирген. Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү деп
Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 1996-жылы туулган тургуну Б. уулу Э. аныкталды. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Булак: turmush.kg