Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка айыпталып кармалды

0
186

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.12-февраль күнү Ош шаарынын тургуну милицияга таанышына акча берип, кайра ала албай жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Ноокат районунун 1992-жылы туулган тургуну А.Ж. таанышы Б.нын (аял киши) ишеничине кирип, 30 миң сом акчасын бир жумада берем деп алып, телефонун өчүрүп, качып кеткени белгилүү болгон.Шектүү Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан 25-февраль күнү кармалды. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алдамчылык фактысы боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.Шектүү ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2015-жылдан бери каттоодо турат.

Булак: turmush.kg