Кара-Сууда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

0
110

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык Папан айыл аймагына караштуу Ак-Буура-1 айылында болгон.
«Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 45 чарчы метр чатыры, 9 чарчы метр бөлмөсү, 2 терезе жана үй буюмдары күйүп кеткен. Тилсиз жоодон 1956-жылкы киши каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Булак: kabar.kg