Кадамжайда жаңжалдаша кеткен 65 жаштагы киши аялына бычак сайды

0
299

Баткен облусунун Кадамжай шаарында эркек киши аялына бычак шилтеген.20-февраль күнү саат 18:00дөр чамасында, 65 жаштагы киши жубайы менен жаңжалдаша кетип, колунда турган бычак менен аялын сайып жиберген.Натыйжада бычактын мизи аялдын сол бөйрөгүнө тийген. Бирок жабырлануучу күйөөсүнө каршы арыз жазган жок. Ал эми окуя тууралуу милицияга ооруканадан билдиришкен.Бул факты “Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү” беренеси менен КЖБРге катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак:eldik.media