Иранда коронавирустан 8 адам каза болду

0
59

Түркия Иран менен чектешкен чек араны убактылуу жапты. Буга Иранда коронавирус тарап жатканы себеп болгонун «Haberler.com» 23-февралда жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, Иранда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун саны 8 адамга жетти. Буга байланыштуу Түркия оорунун алдын алуу чараларын күчөттү.Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа: «Унаа жана темир жол убактылуу, ал эми аба каттамы бир тараптуу жабылды. Тактап айтканда, Ирандан Түркияга учактар каттабайт, Түркиядан Иранга каттаган учактар ишин улантат», — деди.
«Haberler.com» Ирандын мамлекеттик телеканалына шилтеме берип билдиргендей, коронавирустан 8 адам каза болуп, дагы 15 адамга оору жукканы аныкталды.

Булак: barakelde.org