19 жаштагы жигитти кармап алып тапанча менен коркутушкан

0
179

Бишкекте 19 жаштагы жигитти тапанча менен коркуткан шектүүлөр кармалды. 18-февралда саат 15:30дар чамасында бишкектик жаран милицияга арыз менен кайрылып, Калинин жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинен аны тапанча менен белгисиз бирөөлөр коркутканын айткан.
Жабырлануучу билдиргендей атып жиберебиз деп коркутууга алгандар мас абалында болушкан.
Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 1989-жылы туулган К.К. жана 1992-жылы туулган М.П. аттуу эки жаранды кармашты. Алардын жанынан пневаматикалык тапанча алынган.
Бул факт “Бейбаштык” беренеси менен КЖБРге катталып, териштирүү уланууда.

 

Булак: eldik.media