Ысык-Көлдүн 59 жаштагы тургуну үйүндө курал сактап жүргөн

0
287

Ысык-Көл районунун Бает айылынын 59 жаштагы тургуну мыйзамсыз курал сактап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, айылдын тургуну Б.Б.нын үйүнөн мыйзамсыз сактап жүргөн «ТОЗ-63» үлгүсүндөгү 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана «Калашников» автоматынын 13 даана огу табылды. Аталган факты сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Жалпысынан облус боюнча мыйзамсыз сакталган ок атуучу сайсыз 6 курал, 9 даана «Макаров» тапанчасы, «Калашников» автоматынын 15 даана огу табылды.

Булак: turmush.kg