Ош шаарында жолдорго 46 тонна туз жана 18 тонна кум себилди

0
166

Ош шаарына жааган карга байланыштуу кечээ, 18-февраль күнү саат 20:00дөн 19-февраль саат 9:00гө чейин жолдорду кар, муздан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоо иштерине 4 муниципалдык ишкана тартылган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.Шаардык жолдор башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, жумуштарга 20 атайын техника жана 50гө жакын жумушчу тартылып, көчөлөргө 46 тонна туз жана 18 тонна кум себилди.Мындан сырткары тротуарларды кар, муздан тазалоо үчүн атайын жумушчу топ иштеп жатат.


Булак:turmush.kg