Бишкекте 19 жаштагы келин каза болду

0
373

Бишкектеги №6 төрөт үйүндө жаш келин көз жумду. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 17-февралда болжол менен саат 18:00дө милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Биринчи май райондук ИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, үч ай мурда эгиз төрөгөн 2001-жылкы Ж.Э., аттуу келин №6 төрөт үйүндө көз жумгандыгы аныкталган.
Аталган факт Биринчи май райондук ИИБнин КЖБРне каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда тиешелүү экспертизалар да дайындалды.

Булак: eldik.media