Пенсионердин капчыгын уурдап алган аял кармалды

0
121

Пенсионердин капчыгын уурдап алган шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматына караганда, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын 65 жаштагы тургуну (аял киши) кичи автобуста бара жатканда капчыгын уурдап кетишкен. Капчыктын ичинде банк карталары жана 50 миң сомдой акчасы бар болгон. Ал милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Т.М. кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: barakelde.org