Өспүрүмдү сабап, тоноп кеткен шектүү кармалды

0
156

Бишкек шаарында өспүрүм баланы тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, 2019-жылдын 28-декабрында Ак-Тилек конушунда 2004-жылы туулган А.К.га белгисиз жаран кол салган. Ал өспүрүмдү сабап, андан соң телефону менен 3000 сомун тартып алган. Жабырлануучунун апасы милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Свердлов РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1994-жылы туулган Б.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат. Шектүүдөн жабыркагандар 0 (551) 102-805, 0 (705) 270-903, 0 (778) 090-318, 0 (312) 432-815 телефон номурлары аркылуу же «102» кызматына кайрылса болот.

Булак: barakelde.org