Кыргызстанда малды идентификациялоонун биринчи этабы аяктады

0
63

online Онлайн эфир

Ветеринардык жана фитосанитардык коомсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдиргендей, ири жана кичи мүйүздүү малга, доңуздарга биркалар тагылып, маалыматтык базага киргизилди.
Жылкыларга эн тагуу, канаттууларды, балыктарды жана аарыларды идентификациялоо ушул жылдын аягына чейин аткарылат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда малды идентификациялоо мыйзамы 2013-жылы кабыл алынган. Мындай чара ЕАЭБдин талабына төп келүү жана дегеле эт, сүт продукциясынын коопсуздугун тастыктап, дүйнөлүк рынокко чыгуу максатын көздөйт.

Булак: novosti.kg