Кыргызстанда дем алыш күндөрү 80 мас айдоочу кармалды

0
43

Кыргызстанда 15-16-февраль күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 4 миң 122 жол эреже бузуулар аныкталган.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ар кандай эреже бузууларга байланыштуу 297 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген, мас абалында унаа башкаруу — 80, терезелерди караңгылатуу — 26, башка эреже бузуулар — 171.
Андан тышкары, айып пулдарды өз убагында төлөбөгөн 20 айдоочунун унаасы айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Булак: kabar.kg