Аткезчилик жол менен ташылып келген ноутбуктар жана баш кийимдер кармалды

0
174

Аткезчилик жол менен ташылып келген ноутбуктар жана баш кийимдер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Жаштык айылында Х.Н.Ш аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.
Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 754 000 сомдук төмөнкү оргтехникалар жана эл керектөөчү товарлар табылган.
“ACER” үлгүсүндөгү ноутбук — 90 даана;
“Lenovo” үлгүсүндөгү ноутбук — 8 даана,;
“HP” үлгүсүндөгү ноутбук — 20 даана;
Баш кийим – “Americanstyle afny” үлгүсүндөгү баш кийим — 1 000 даана.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.


Булак: kabar.kg