Кытайдан келген 18 кыргызстандык студент карантинден кийин үйлөрүнө чыгарылды

0
255

online Онлайн эфир

Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 кыргызстандык студент  15-февраль күнү карантинден кийин үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтен белгилешкендей, алар 14 күндүк карантинде болушту. 18 студенттин  абалы канааттандырарлык.
«Алар 2-февраль күнү аэропорто текшерүүдөн өткөндөн кийин карантинге алынган. Жаңы коронавирустун белгилерине текшерилип, анализдеринин жыйынтыгы терс чыккан», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 18 кыргызстандык студент Бишкекке 2-февраль күнү келген.

Булак: kabar.kg