Москвадагы кафеден белгилүү кыргыз жараны кармалды

0
1444

Аралаш мушташ боюнча чемпион, JFC MMA 2016 курунун ээси, кыргыз жараны Данияр Бабакулов Москвада кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Валентина Чупик билдирди.
«Москва шаарындагы «Ош» кафесинен эч кандай себеби жок 1986-жылы туулган кыргыз жараны Бабакулов Данияр кармап кетишти. Аны башка мигранттар менен кошо бир саат полициянын автоунаасына салып жүрүшкөн. Азырынча ал эркиндикке чыга элек», -деп билдирди Чупик.

Булак: fakt.kg