Чаткалда унаа жолго түшкөн кар көчкү тазаланды

0
53

Кечээ Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарында (Чаткал району) түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 10:00 чамасында 5500 метр куб кар көчкү түшкөн. Аны тазалоого 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, саат 15:50 чамасында унаа жол толугу менен тазаланды.

Булак: turmush.kg