Ошто жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдаган жигит үй камагына чыгарылды

0
42

Ош шаарында 7 унаанын аккумуляторун уурдап, сатып жиберген жигит 1 айга үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
9-февраль күнү Ош шаардык Криминалдык милиция кызматы тарабынан «Хово» оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдап, 1 килограммын 50 сомдон сатып жүргөн Кара-Суу районунун Мады айылынын 1998-жылы туулган тургуну К.у.Ч. кармалган.
Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине уурулук фактысы боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
11-февраль күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, 1 айга үй камагына чыгарылган. Сотто тергөөчүлөр шектүүнүн анча оор эмес кылмышка айыпталганын айтышкан.
«Мындай кылмыш жасагандар үчүн эң чоң жаза — 5 жылга эркинен ажыратуу. Бирок 5 жылга чейин эркинен ажыратыла тургандар камакка алынбайт. Жазасы 5 жылдан жогору болсо гана баш коргоо чарасы катары камакка алса болот. Мындан улам шектүү 1 айга үй камагына чыгарылган», — деп айтылат Ош шаардык сотунун билдирүүсүндө.

Булак: turmush.kg