“Акжол” унаа өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат

0
53

“Акжол” унаа өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат.Чек ара кызматынын жетекчиси Нурланбек Жамбиев билдиргендей,кайра калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 20-февралдан тарта аталган түйүндө кыймылга чектөө киргизилет. Бекеттен жөө адамдар өтө алышат.Болгону иш режими өзгөртүлөт — эртең мененки саат 6дан түнкү 12ге чейин иштейт.Ал эми транспорттун бардык түрү «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Токмок» жана «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт.Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин соңуна чыгат, — деди Жамбиев.

Булак: novosti.kg