Мас абалдагы айдоочунун айынан ата-бала ооруканага түштү

0
44

Кечээ, 12-февралда таңкы саат 7:30 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында эки унаа кагышып, 11 жаштагы өспүрүм жана анын атасы ооруканага түштү. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматты Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков тастыктады.
«Окуя тууралуу 12-февраль күнү 7:50 чамасында тез жардам кызматы кабар берген. Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө А.А. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын мас абалда башкарып бара жатып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.Анын кесепетинен «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Т.Н. Ош шаардык ооруканасына, анын жанында бара жаткан 2009-жылы туулган уулу Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген», — деди Рашид Сыдыков.

Булак: turmush.kg