Өзбекстанга сыналгыларды ташып бара жаткан адам кармалды

0
149

Кечээ, 12-февралда Кадамжай районунда аткезчилик жүк ташып бара жаткан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган Т.А. райондун Пылдырак аймагындагы чек арадан «Хундай Портер» унаасы менен Өзбекстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Унаасында тиешелүү документтери жок 24 даана сыналгы табылды. Кармалган жүк Бажы кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: turmush.kg