Тоноого шектелип 36 жаштагы адам кармалды

0
38

Тооного шектелип 36 жаштагы адам кармалды. 10-февраль күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин «102» кызматы аркылуу тоноп атат деген чакыруу келип түшкөн. Аталган дарек боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барганда 1994-жылы туулган М.Ж аттуу аял киши арызданган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 23:20 чамасында Салиева жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз европа улутундагы адам бетине жаш агызуучу газ чачып, уюлдук телефонун жана 5220 сом акчасын алып качып кеткендигин билдирген.
Көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жана Свердлов районунун ыкчам нөөмөткери тарабынан изи сууй электе шектүү катары 1983-жылы туулган Б.О аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБине өткөрүлүп берилген.

Булак: kabar.kg