Сокулукта күйүүчү май сакталган контейнер өрттөнүп кетти

0
121

Кечээ, 12-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында күйүүчү май сакталган контейнер өрттөнүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы бул маалыматты такстыктап, өрт өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылганын билдирди.
«Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоонун контейнерге жакын жайгашкан турак жайларга, башка объекттилерге өтүп кетишине жол беришкен жок. Өрт толугу менен өчүрүлдү», — деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Булак: turmush.kg