Парламент вице-премьер-министрликке Мадумаровдун талапкерлигин жактырды

0
78

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлиги каралып, Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактырды.
Мадумаровдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, жаңы дайындала турган вице-премьер чек ара маселесин чечүү, чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча программа, аймактарды өнүктүрүү маселелери менен алектенерин билдирди.
Депутаттар суроо-жооп, талкуудан кийин, добуш берүүгө өтүп, Мадумаровдун талапкерлигин жактырышты – 97 макул, 1 каршы.
Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты Жеңиш Разаков ээлеп келген. Ал өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан бошотулган.

Булак: kabar.kg