Үйлөрдү тоноп жүргөн шектүүлөр кармалды

0
76

Бишкек шаарында уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул туралуу  11-февралда Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү кечки саат сегиздер чамасында Көлмө конушунда жайгашкан турак үйгө белгисиз жарандар кирип, 37 миң сомдук сыналгыны уурдап кетишкен. Жабырлануучу кийинки күнү арыз менен милицияга кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1988-жылы туулган А.А. менен 1992-жылы туулган А.Э. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүүлөрдүн Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы ушул сыяктуу жети кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн.

Булак: fakt.kg