Кочкорлук багбандар бак отургузуунун сырларын үйрөнүштү

0
66

Кочкор районунда багбандардын жыйыны өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.Жыйынга «Борбор Азия багбандар биримдиги» уюмунун өкүлү Абдулла Ташиев, кочкорлук багбан Болот Асанбеков катышып, бак тигүүгө кызыккандардын суроолоруна жооп беришти. Кочкорлук дыйкандар жемиш бактарын кандай отургузуу, аларды бутап, кыйыштыруунун, бактарды дарылоонун ыкмаларына кызыгышты. Кочкор жергесинде багбанчылык кесибине кызыккандардын саны көп экени белгилүү болду.Жыйындын аягында Кочкор районунда багбандардын тайпасы түзүлдү. Багбандардын тобу мындан ары жер-жерлердеги багбандардан багбанчылыктын сырлары менен бөлүшө алышат. Топтун максаты — таза органикалык түшүм өндүрүү үчүн органикалык жер семирткичтерди пайдалануу менен айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу болуп саналат.

Булак: turmush.kg