Баткенде байчечекей гүл ачты

0
93

Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айылынын Күнгөй жайлоосунда жаз келип, байчечекей гүлүн ачты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Мурат Сүйүнбай уулу билдирди.Анын айтымында, быйыл жаз эртерээк келе турганы билинип жатат.«Көтөрмө айылынын күнгөй тарабында жаздын илеби жыттанып калды. Байчечекей гүлдөп, чөптөр жерден башын көтөрө баштады. Бул убакта эл мал-келин ошол күнгөй бетке багат. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл мал колдон чөп жебей калды. Анткени кар эрте ээрип, жаздын жыты жыттана баштады. 10-15 күндөн кийин мал талаадан тоюп келип калат. Учурда айыл ичиндеги карлар ээрип, жолдор баткак боло баштады», — деди ал.

Булак:turmush.kg