Мейманканага кирген кыз менен жигит бычакташып, ооруканага түштү

0
114

Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын бирине кирген аял менен эркек киши бычакташып, экөө тең Сузак райондук аймактык ооруканага жеткирилген. 7-февраль күнү болжол менен күндүзгү саат 10:00 чамасында тез жардам кызматы тарабынан «102» номуруна Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде бир эркек киши менен бир аял бири-бирин бычактап, жаракат алышканы маалымдалган. Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин ыкчам тергөө тобу барганда аял менен эркек киши эс-учун жоготкон абалда табылган. Алар тез жардам кызматы аркылуу окуя болгон жерден Сузак райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. мейманкананын администраторуна өзү менен кошо келген 21 жаштагы кызды аялым деп тааныштырганы белгилүү болгон. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Сузак РИИБдин эксперт-криминалисттери тарабынан бармак издери жана тиешелүү далил буюмдар алынган.Учурда кылмышка шектүү делген жигит — Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. дарыгерлердин жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө атайын палатада дарыланууда.Сузак райондук аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, Д.М. келген убакта жүрөк согуусу угулбай келген. Анын моюнуна, сол далысына, билегине бычак сайылган, ошондой эле III даражадагы геморрагиялык шок алган. Азыр абалы туруктуу, сынык-жараат бөлүмүнө которулган.Ал эми 21 жаштагы С.О. учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу. Дарыгерлердин айтымында, бүгүн палатага которулат. Кыздын моюн тушу, аркасы, колу-буттары, көкүрөк тушу жана курсагы бычак менен бир нече жолу кесилген. Ич көңдөйүнө кирген бычактын айынан боор органы зыян тарткан. Мындан тышкары III даражадагы геморрагиялык шок алган.
Булак: turmush.kg