Ош облусунда аткезчилик жол менен алынып келген атырлар кармалды

0
238

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген баасы 1 млн сомго жакын атырларды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында Ош обусунда З.А. уулу аттуу КР жараны айдаган «Мерседес-Бенц 412 D» унаасы токтотулуп, текшерүүгө алган.»Унааны текшерүү учурунда Кыргызстанга коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан (жалпы салмагы 3 миң 544 килограмм) атырлар табылган», — деп айтылат маалыматта.Айдоочуда ал товарга тиешелүү документтер болгон эмес. Кармалган товар 986 миң 832 сом деп бааланган.

Булак: kabar.kg