Нарын облусунда 17 жаштагы кыз 3 күндөн бери изделип жатат

0
99

Ат-Башы районунда 9-класстын окуучусу изделип жатат. Маалым болгондой, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылына караштуу А.Керимбаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мадина Төрөгелдиева 2020-жылдын 7-февраль күнү саат 08:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес.Мадина Төрөгелдиева 2003-жылы туулган.Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см чамалуу, арык чырай, чачы сары, кыска;Кийген кийимдери: кара куртка, кара түстөгү кышкы шым, кара түстөгү бут кийим;Мадина тууралуу кабары барлар 0353 42 32 83, 0505 11 00 11, 0702 97 55 55 номурлары аркылуу кабарласа болот.

Булак: turmush.kg