Аида Касымалиева Дональд Трамптын сый чайына чакырылды/ Визалык чектөөнү 1 жылда алып салышыбыз керек дейт

0
215
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен Жыргалбек Турускулов АКШ президенти Дональд Трамптын салтка айланган эртең мененки тамагына чакырылды. 

Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева Facebook баракчасына жазды.

АКШ президентинин Вашингтон шаарындагы сый тамагы 1953-жылдан бери уюштурулат. Бул ирет Дональд Трапм өзүнө сенаттар тарабынан жарыяланган импитчмент тууралуу пикири менен бөлүштү.

Эл өкүлү өз билдирүүсүндө, визалык чектөөлөрдү 1 жылга жетпеген аралыкта алып салууга аракет кылаарын, бул меселени ЖКда өзү көзөмөлгө алаарын баса белгилейт.

«Жолугушуунун жүрүшүндө маалым болгондой, көйгөй бир жактуу гана биздин биометрикалык паспортто болуп жатат. Мамлекеттик катоо кызматы 2021-жылга чейин созулаарын айткан менен, парламент, өкмөт башчысы бул иштерди өз көзөмөлүнө алып, чектөөлөрдү алып салууга аракет кылыш керек. Биз муну 1 жыл күтө албайбыз. Бул суроо Жогорку Кеңеште жеке менин көзөмөлүмдө болот» -дейт Касымалиева.

Иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Америка жана Канададагы КРнын элчиси Болот Отунбаев баштаган мекендештерге жолуккан.

Касымалиева АКШга болгон сапардын чыгымдарын депутаттар өздөрү төлөгөнүн жазды.