Баткенде коронавируска шектелген жарандар Ош облусунун тургундары

0
1530
Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Бел айылындагы чек ара өткөрмө бекетинде дене табы көтөрүлгөн 2 кыргызстандык коронавируска шектелип, текшерүүгө алынды. 

Бул тууралуу Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору кече, 5-февраль кечинде кабарлаган.

Алар Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери андан ары текшерүүгө алып кетишкен. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Вирусологиялык изилдөөгө анализдери алынды. Андан ары байкоо анализдердин жыйынтыгына жараша болот” деп билдирди министрлик.

Маалыматка ылайык дене табы көтөрүлгөн 2 жаран Ош облусунун тургундары. 1992-жылы туулган К.уулу Э. Мады айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Э.С. Маданият айылынын тургуну.

Алар 14-21-январда Кытайдагы Улуу-Чат айылында болуп, андан Тажикстан Республикасына өткөн.

Кечээ, 5-февраль мекенине кайтып келе жатып Баткендеги Кызыл-Бел чек ара бекетинен тепловизор менен текшерүү учурунда дене табы жогору, 37,3 градусту көрсөтүп, текшерүүгө алынган.