Москвада туңгуч президенттин уулу Айдар Акаев жүрөгү кармап каза болду

0
231
Москвада Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу 44 жаштагы Айдар жүрөк оорусунан каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жеке булактарына таянып жазып чыкты. 

Ошондой эле, жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, бир нече күн мурда Аскар Акаевдин агасынын уулу — Кубан Акаев узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Кубан Акаевдин сөөгү кечээ Кемин районунда жерге берилди.