Тейлөө кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе жогорулайт/ Өкмөт ага 220,0 млн бөлөт

0
734
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү. Тиешелүү жарлыка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.

Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220,0 млн. сом бөлүнөт, бул республикалык бюджетте каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт милдеттердин кыйла сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин колдоо максатында зарыл каражаттарды табууну мындан ары да уланатат.