Айгүл Рыскулова КМШнын экономикалык кеңешине Кыргызстандын өкүлү болуп барат

0
88
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги комиссияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

4-февралда тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин ал кызматты Зина Асанкожоева аткарып келген.