БатМУнун ректоруна билим алуучуларга жетиштүү шарт түзбөгөндүгү үчүн сөгүш берилди

0
265
Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге      сөгүш берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен мамлекеттик университетинин жана анын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүндө жылуулук системасы иштебей, билим алуучулар үчүн жетиштүү шартты түзбөгөнү, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы эскирип, талапка ылайык келтирбегени үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесинин  2-пунктуна ылайык, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге сөгүш берилди.

Маалыматка ылайык, министрликтин атайын комиссиясы Баткен мамлекеттик университетинин ишмердигин текшерген. Анын жыйынтыгында жогоруда келтирилген кемчиликтерден сырткары, окутуучулардын курамынын сапаты талапка жооп бербегени, билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн AVN маалыматтык системасын толук киргизилбегени, кесиптик жогорку билим берүү уюмунун чегинде бир адистик боюнча даярдоо түзүмдүк бөлүмчөлөрдө кайталанууга (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.у.с.) жол берилгендиги жана   күндүзгү формада окуган студенттердин контингенти сырттан окуган студенттердин санынан аз болгондугу аныкталган.

БатМУда 5064 студент бар. Окутуучулардын саны – 167. Университетке караштуу  кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча 1771 студент билим алышат.

Эскерте кетек, жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги Москва, Токтогул жана Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына сөгүш берген.

Булак: «Жебе» медиа.