2019-жылы Оштун аймактарында 9 мектеп, 5 спорт зал, 1 саламаттыкто сактоо мекемеси ишке берилди

0
379
2019-жылы Ош облусу боюнча 32 объектинин курулушун бүткөрүү пландаштырылып, 27 объект бүткөрүлдү жана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. 

Алар:  9 мектеп, 5 спорт зал, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси,  4 таза суу менен камсыз кылуу объектилери жана 8 капиталдык ремонт жумуштары.

Социалдык объектилер;
  1. Алай районунун Күн Элек айылындагы 225 орундуу мектеп спорт залы менен. Курулуштун баасы 57407,8 миң сом.
  2. Араван районунун Тепе-Коргон айылындагы Умаров атындагы 225 орундуу мектеп спортзалы менен. Курулуштун сметалык баасы 54118,2 миң сом.
  3. Кара-Кулжа районун Күйөө-Таш айылындагы Жаныбаев атындагы мектептин спорт залы. Курулуштун сметалык баасы 14507,2 миң сом.
  4. Кара-Кулжа районун Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк мектебине спорт зал. Курулуштун сметалык баасы 17057,6 миң сом.
  5. Кара-Суу районунун Калинин айылындагы Сматов атындагы мектеп спорт залы менен. Курулуштун сметалык баасы 98133,8 миң сом
  6. Ноокат районунун Жаны-Ноокат айылындагы Темир-Корук мектебинин спорт залы. Курулуштун сметалык баасы 59870,6 миң сом.
  7. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылындагы Токторов атындагы 320 орундуу мектеп. Курулуштун сметалык баасы 50146,2 миң сом.
  8. Ноокат районунун Он-Эки-Бел а/ө Живпром участкасындагы 275 орундуу мектеп. Курулуштун сметалык баасы 75160,5 миң сом
  9. Ноокат районунун Тескей-Кожоке айылындагы Чынкараев атындагы 225 орундуу мектеп. Курулуштун сметалык баасы 51135,4 миң сом.
  10. Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылындагы Ташмаматов атындагы мектептин спорт залы. Курулуштун сметалык баасы 25919,4 миң сом.
  11. Өзгөн районунун Аюу айылынын Ак-Коргон участкасындагы 150 орундуу мектеби. Курулуштун сметалык баасы 73929,2 миң сом.
  12. Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын Ак-Коо участкасындага 275 орундуу мектеп спортзалы. Курулуштун смталык баасы 90845,7 миң сом.
  13. Өзгөн районунун Жаман-Адыр айылындагы 275 орундуу мектеп спорт залы. Курулуштун сметалык баасы 94057,2 миң сом.
  14. Өзгөн районунун Кара-Таш а/ө Кара-Таш айылындагы Ж.Малабаев атындагы 100 орундуу мектеп. Курулуштун сметалык баасы 23195,5 миң сом.
  15. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасына Кытай мамлекетинин гранттык акчасына курулган оорукана.
 Таза суу обьекттери;

16. Алай районунун Таргалак айылын таза суу менен камсыз кылуу курулушу. Сметалык баасы 8279,5 миң сом.

17. Араван районунун Төө-Моюн а/ө Авис айылын таза суу менен камсыз кылуу жумуштары. Курулуштун сметалык баасы 3988,3 миң сом.

18. Өзгөн районунун Чечебай айылын таза суу менен камсыз кылуу. Курулуштун сметалык баасы 4308,4 миң сом.

19. Өзгөн районунун Старая Покровка айылын таза суу менен камсыз кылуу. Курулуштун сметалык баасы 6816,9 миң сом.

         Капиталдык ремонтон өткөрүлгөн обьектилер;

20. Ош облустук клиникалык ооруканасынын чатырларын алмаштыруу. Сарпталган акча 3687,2 миң сом.

21. Ош облустук клиникалык ооруканаларына лифттерди орнотуу. Сметалык баасы 5141,0 миң сом.

22. Кара-Кулжа районунун Биймырза айылындагы Бегиева атындагы мектептин капиталдык ремонту. Сметалык баасы 40708,65 миң сом.

23. Ноокат районунун Эски-Ноокат айылындагы М.Гапаров мектеп-гимназиясынын капиталдык ремонту. Сметалык баасы 6480,3 миң сом.

24. Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Көк-Жар орто мектебинин капиталдык ремонту. Сметалык баасы 8732,06 миң сом.

25. Ноокат районунун Кашкалдак айылындагы мектептин капиталдык ремонту. Сметалык баасы 22870,1 миң сом.

26. Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Ы.Бектемиров атындагы мектептин капиталдык ремонту. Сметалык баасы 21540,8 миң сом.

27. Өзгөн районунун Кремль айылындагы Өмүрзаков мектебинин капиталдык ремонту. Сметалык баасы 2590,98 миң сом.

Ал эми төмөндөгү 5 курулуш объектилери акча каражаты каржыланбай калгандыгынын эсебинен, 2020-жылы бүткөрүү пландаштырылды.
  1. Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында курулуп жаткан маданият үйү. Сметалык баасы 29923,5 миң сом.
  2. Кара-Кулжа районунун Капчыгай а/а Сары-Бээ айылына курулуп жаткан мектеп. Сметалык баасы 39278,7 миң сом.
  3. Ноокат районунун Кара-Таш айылында курулуп жаткан балдар бакчасы. Сметалык баасы 56401,9 миң сом.
  4. Өзгөн шаарында курулуп жаткан №6 А. Новои атындагы мектеп. Сметалык баасы 85112,0 миң сом.