Кийинки Улуттук көчмөндөр оюндары Ош облусунда өтөт

0
192

Бул тууралуу Таласта биринчи ирет өткөрүлүп жаткан турнирдин жабылыш аземинде айтылды.Экинчи оюндарды түштүк регион 2021-жылы кабыл алат.Эске салсак, алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин Талас облусунда өттү.Жалпы командалык эсепте биринчи орунду жергиликтүү курама алып кетти.Экинчиде Бишкек шаары, үчүнчүдө Ысык-Көл облусу жайгашты.Жалпысынан жети регион жана Бишкек менен Ош шаарларынан командалар улуттук спорттун 10 түрүндө ат салышты.

Булак:novosti.kg