Абылгазиев: жаштардын экологияны коргоо маселелери боюнча аң-сезими өсүүдө

0
466

Жыл сайын кыргызстандыктардын, айрыкча жаштардын экологияны коргоо маселелери боюнча аң-сезими өсүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» глобалдык экологиялык жарандык акциясына катышуу учурунда билдирди.Өкмөт башчы үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» ачык паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду.Өкмөт башчы бүгүнкү «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» акциясынын уюштуруучуларына жана катышуучуларына дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, акция жакшы салтка айланып, жыл сайын көп адамдар чогуларына ишеним көрсөттү.Белгилей кетсек, 2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.