Курулуш компанияларын бири Айсулуу Тыныбековага 1 бөлмөлүү батир белек кылды

0
281

Балбан кызга кайрылуу Инстаграмда жарыяланды. Анда кыргызстандык курулуш компаниясы Тыныбекованы дүйнө чемпиону болгону менен куттуктап, курулуп жаткан жаңы үйдөн 1 бөлмөлүү батирди белекке кабыл алууну сунуштады. Кайрылууда балбан кыздын аккаунту белгиленген. Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова Кыргызстан тарыхында күрөш боюнча алгачкы дүйнө чемпиону болду. Балбан кыз бул медалга 10 жыл тынымсыз эмгектенип, жекенин моюнга алган.
Булак:novosti.kg