Ошто мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кайра кармалды

0
86
Мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кайрадан кармалды. Бул ирет хулиганчылык беренеси боюнча кармалганын Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

2019-жылдын 12-октябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 23 жаштагы Гүлнара арыз менен кайрылып, анда 10-октябрь күнү , Ош шаарынын Нурматов көчөсүндө жайгашкан кафелеринде эс алып жаткан учурда белгисиз атуул эч бир себептерсиз уруп, бетине бир нече жолу тээп, денесине жарат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетип калгандыгын билдирген.

Жыйналган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош ШИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (хулиганство) менен катталган.

Көрүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында Ош ШИИБнин криминалдык милиция кызматы тарабынан 28-январда кылмышка шектүү катары мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 1997-жылы туулган А.А.кармалды.

Учурда ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгисиз адам “А.А.”  мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде турган жаран экендиги аныкталды.

Ал Өзгөн районунда каттоодо турганы менен Ош шаарында жашап турган.

Шектүү А.А. мурда жасаган кылмышы үчүн Ош шаарында жайгашкан жазаны аткаруу кызматынын жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан дагы издөөдө жүргөндүгү аныкталды.