Кыргызстандык тасма Казакстанда өткөн ATAU-2020 кинофестивалында «Мыкты даректүү тасма» аталды

0
281
Кыргызстандык «Күн карама» тасмасы Казакстанда өткөн ATAU-2020 кинофестивалында «Мыкты даректүү тасма» деп таанылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Тасманын режиссеру – Чыңгыз Сулумбеков. Фестиваль 20-24-январь күндөрү Нур-Султан (Астана) шаарында болуп өткөн.

Аталган фестиваль алгач ирет 2018-жылы өткөрүлгөн. Бул жылы фестивалда Казакстандын гана эмес, Кыргызстан менен Өзбекстандын режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлгөн.