Бишкекте коронавируска шектелгендер үчүн 100 орун даярдалды

0
361
Бүгүн Бишкеке Үрүмчү шаарынан учуп келген студенттердин биринин дене табы жогору болгон. Саламаттыкты сактоо кызматы билдирген маалыматка ылайык 28 жаштагы жаранда короновирустун белгилери табылган жок.

Бейтапты аэропорттон түшөөрү менен текшерүүгө алып, андан соң атайын изолятордук чатырга алып кетишкен. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиевдин айтуусу боюнча ал жигит апасы менен Тайландтан учуп келе жаткан.

— Дене табы көтөрүлүп турган экен. Учактан түшөр замат «Тез жардам» менен Жугуштуу илдеттер ооруканасына алып келишти. Биз өзүбүздүн атайын костюмдарды кийип, бардык тиешелүү иштерди жүргүздүк. Диагноз такталган жок. Консилиум өткөрүп, бир саат ичинде диагнозду четке кагып, башка ооруканага жаткырдык»-дейт Сыдыгалиев.

Учурда короновирусга шектелгендерди текшерүү үчүн Бишкектин четиндеги аскердик госпиталдан 100 орун даярдалды.

Кытайдан келген студенттер даагы 12-13 күн атайын изолятордук чатырда көзөмөлдө болот.

Кытайдан 6 студент кайтып келди/ Алар изолятордук чатырда кармалууда