Кытайдан 6 студент кайтып келди/ Алар изолятордук чатырда кармалууда

0
139
 Бүгүн, 28-январь эрте менен Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окуган 6 кыргызстандык студент келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), буларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, алардын ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок.

Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат. 

Кыргызстанга келген студенттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана КРнын Саламаттык сактоо уюмунун бекиткен нормаларына жана сунуштарына ылайык санитардык-карантиндик аймакта тиешелүү текшерүүдөн өтүүдө.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, кыргызстандык студенттер 2019-жылдын 27-декабрынан 2020-жылдын 21-январына чейин Кыргызстанда каникулда болушкан. Алар 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан.

Кыргыз студенттер Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасы аркылуу келген.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жождорунда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.