Ош: Дары-дармектер эми электрондук форматта гана берилет

0
233
2020 — жылдын январь айынан тарта Ош облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана фельдшердик-акушердик пункту жеңилдетилген антибиотиктерди электрондук рецепт боюнча бере башташат.

Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

«Сары» жана «көк» кагаз рецептери мындан ары кабыл алынбайт.  Аптекадан дары-дармектер бир гана электрондук форматта бериле баштайт. Бул рецепти алуу үчүн ID-карта талап кылынат.

«Электрондук рецепти алуунун жолу эң жөнөкөй: врач сиз тууралуу бардык маалыматты электрондук форматка киргизип,  рецепт жазат. Система милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) менен келишим түзгөн аптекага рецепти жөнөтөт. Ал эми бейтап аптекага барып, ID-картасын көрсөтүүсү керек. Фармацевт системага бейтаптын ПИН код номурун жана рецептин номурун терет дагы, керектүү дары-дармектерди берет. Муну менен катар системага автоматтуу түрдө компенсациянын көлөмү эсептелинип чыгат», — деп билдирди фонддун өкүлү Гүлжан Исакова.

«Электрондук жеңилдетүү рецепт» пилоттук программа 2019-жылдын сентябрь айынан тарта Ысык-Көл облусунда ишке кирген. Облуста 25 миңге жакын электрондк рецепт берилген.