Кытайдагы коронавирустан каза болгондор 80ге жетти

0
209
Кытай бийлиги оору күчөп баратканын кабарлады. Вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. 26-январда саламаттык сактоо министри Ма Цяо Вэй «өлкө кооптуу абалга кептелди» деп айтты.

— Эпидемиянын очогун жаап, каттамдарды чектөө жана башка чаралар жакын арада натыйжа бере баштайт деп ишенем, — деди Ма.

26-январь күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адан Гебреисус Бэээжинге барарын маалымдаган. Ал расмий бийлик жана адистер менен чыныгы абалды талкуулоону көздөп жатат.

АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда вирус жугузган адамдар аныкталды. Илдет чыккан Ухань шаарынын мэри дагы миң киши ооруга чалдыгышы күтүлүп жатканын айтты.

Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди.

АКШ, Франция жана Жапония Кытайдан өз жарандарын алып чыгып кетүүгө даяр экенин билдиришкен.