Үрүмчү- Бишкек авиа каттамы 2-февралга чейин токтотулду

0
174
Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү авиа каттамы 2-февралга чейин токтотулду. Бул тууралуу ОАО Эл аралык «Манас » аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кытай жаңы-жылды 25-январда белгилейт. Ага байланыштуу өлкөдө бир жума эс алуу жарыяланат. Бул күндөрү Кытай тарап чек арасын күчөтүлгөн тартипке которуп, же жабат.

Ага байланыштуу Кытай менен авиакаттам бүгүндөн баштап учпайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөтүлгөн.